22:20, 16-март, 2026

Садыр Жапаров Казакстандын президентин Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

На русском
18:42, 16-март, 2026 219

АКИpress - Бүгүн, 16-мартта президент Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин телефондук сүйлөшүүсү болгонун Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча референдумдун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады.

Президент Садыр Жапаров өткөн добуш берүү жарандардын өз эркин билдирүүсүнүн айкын көрүнүшү болуп, коомчулуктун мамлекеттик институттарга болгон ишенимин тастыктаганын белгиледи. Ал шайлоочулардын жогорку катышуусу калктын жарандык активдүүлүгүн жана жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөрдү колдой турганын көрсөтөрүнө токтолду.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев куттуктоо жана жылуу сөздөр үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстанда болуп жаткан процесстерге көрсөтүлүп жаткан туруктуу колдоо жана көңүл буруу үчүн ыраазы экенин айтты. Ошондой эле ал кыргыз-казак кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүнү жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү колдой турганын тастыктады.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак кызматташтыгын мындан ары чыңдоо келечегин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн соңунда Садыр Жапаров өз ара ишенимге, салттуу достукка жана боордоштукка негизделген кызматташтык мындан ары да бекемделерине ишеним билдирип, Касым-Жомарт Токаевди алдыдагы Орозо айт жана Нооруз майрамдары менен куттуктап, эки өлкөнүн элдерине ынтымак, бакубат жашоо жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»