АКИpress - УКМК кызматкерлери 13-мартта жүргүзгөн контртеррордук иш-чаралардын жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн биринен Кыргызстанга келген Н.А. аттуу жаранды кармашты.
Кызматтын басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган жаран эл аралык террордук топтордун катарына чет өлкөгө чыгууга аракет кылгандыгы үчүн айыпталууда.
Операция өнөктөш атайын кызматтар менен биргеликте ишке ашырылды. Кылмыш ишинин алкагында атайын тергөө иштери жүргүзүлүүдө.