01:06, 17-март, 2026

Калбердиева Мавлюда Калмаматовна Ташиевдин ордуна депутат болушу мүмкүн

На русском
18:21, 16-март, 2026 677

АКИpress - Калбердиева Мавлюда Калмаматовна Жогорку Кеңешке №11округтан депутат болушу ыктымал.

Буга чейин депутат Шайырбек Ташиев ыйгарым укуктарын тапшыруу боюнча арыз жазгандыгы кабарланган.

2025-жылдын 30-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо Калбердиева 4605 добуш алган.

№11округда жалпысынан 5 талапкер ат салышкан: 2 эркек жана 3 аял. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча бул аймактан парламенттин депутаттары болуп Шайырбек Ташиев, Алтынбек Кылычбаев жана Венера Салямова шайланышкан.

Гендердик квота боюнча мыйзамга ылайык, бир аймактан келген депутаттар бир гана жыныстын өкүлү боло албайт. «2 эркек жана 1 аял» же «2 аял жана 1 эркек» деген варианттар каралат. Ошондуктан, бош калган мандат бул талапты эске алуу менен кийинки талапкерге өтүшү мүмкүн.

№11 округдун чеги: Манас шаары толугу менен; Сузак районунун Көк-Жаңгак шаары, Барпы жана Багыш айыл аймактары толугу менен.

Буга чейин депутаттык мандаттарын тапшыргандар:

Элдар Сулайманов

Нурланбек Тургунбек уулу

Кундузбай Сулайманов

Жанар Акаев — Ош шаарынын мэри болуп дайындалган

Кубанычбек Конгантиев

Курманкул Зулушев

Шайырбек Ташиев

Нурланбек Азыгалиев.

Гүлсункан Жунушалиева.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»