АКИpress - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 16-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Ал 2025-жылдын 30-ноябрындагы парламенттик шайлоодо №29 округдан депутат болуп шайланган.
Жунушалиева 6 688 добуш алган. Ал «Ынтымак Мекенчил» депутаттык тобунун жана Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин мүчөсү болгон.
Буга чейин депутаттык мандаттарынан баш тарткандар:
Элдар Сулайманов
Нурланбек Тургунбек уулу
Кундузбек Сулайманов
Жанар Акаев - Ош шаарынын мэри болуп дайындалды
Кубанычбек Конгантиев
Курманкул Зулушев
Шайырбек Ташиев
Нурланбек Азыгалиев.