02:23, 17-март, 2026

БШК Гүлсүнкан Жунушалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

На русском
18:12, 16-март, 2026 976

АКИpress - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 16-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Ал 2025-жылдын 30-ноябрындагы парламенттик шайлоодо №29 округдан депутат болуп шайланган.

Жунушалиева 6 688 добуш алган. Ал «Ынтымак Мекенчил» депутаттык тобунун жана Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин мүчөсү болгон.

Буга чейин депутаттык мандаттарынан баш тарткандар:

Элдар Сулайманов

Нурланбек Тургунбек уулу

Кундузбек Сулайманов

Жанар Акаев - Ош шаарынын мэри болуп дайындалды

Кубанычбек Конгантиев

Курманкул Зулушев

Шайырбек Ташиев

Нурланбек Азыгалиев.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»