АКИpress - Бишкектеги Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө 15-мартта реконструкциядан кийин унаа кыймылы үчүн жарым-жартылай ачылды.
Осмонкулов жана Курманжан датка көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде кыймыл көпүрөнүн түндүк тарабында уюштурулду.
Мэриянын маалыматы боюнча, реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метрди түзгөн. Жүргүзүлгөн иштерден кийин курулуш кеңейтилген. Көпүрөнүн жалпы туурасы 34,3 метрге, ал эми узундугу 25 метрге жетет.
Көпүрөнүн түштүк тарабын ачуу март айынын аягына пландалууда.