03:26, 17-март, 2026

№29 округдан мандат тапшырган депутаттын ордуна 659 добуш алган Алтынкүл Мурзакимова келиши мүмкүн

На русском
17:56, 16-март, 2026 3321

АКИpress - Мурзакимова Алтынкүл Жээнбековна №29 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуусу ыктымал.

Буга чейин Гүлсүнкан Жунушалиева депутаттык мандатын ыктыярдуу түрдө тапшырганы маалымдалды. 2025-жылдын 30-ноябрындагы шайлоодо ал 6688 добуш алган.

Бул округда ошондой эле депутаттар Нурбек Сыдыгалиев, Адилет Белеков да бар.

Мурзакимова №29 шайлоо округунан парламент депутаттыгына талапкерлер тизмесинде гендердик квота боюнча кийинки орунда турат. Мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо ал 659 добуш алган.

Буга чейин депутаттык мандаттарын тапшыргандар:

Элдар Сулайманов

Нурланбек Тургунбек уулу

Кундузбек Сулайманов

Жанар Акаев — Ош шаарынын мэри болуп дайындалды

Кубанычбек Конгантиев

Курманкул Зулушев

Шайырбек Ташиев

Нурланбек Азыгалиев.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»