АКИpress - Мурзакимова Алтынкүл Жээнбековна №29 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуусу ыктымал.
Буга чейин Гүлсүнкан Жунушалиева депутаттык мандатын ыктыярдуу түрдө тапшырганы маалымдалды. 2025-жылдын 30-ноябрындагы шайлоодо ал 6688 добуш алган.
Бул округда ошондой эле депутаттар Нурбек Сыдыгалиев, Адилет Белеков да бар.
Мурзакимова №29 шайлоо округунан парламент депутаттыгына талапкерлер тизмесинде гендердик квота боюнча кийинки орунда турат. Мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо ал 659 добуш алган.
Буга чейин депутаттык мандаттарын тапшыргандар:
Элдар Сулайманов
Нурланбек Тургунбек уулу
Кундузбек Сулайманов
Жанар Акаев — Ош шаарынын мэри болуп дайындалды
Кубанычбек Конгантиев
Курманкул Зулушев
Шайырбек Ташиев
Нурланбек Азыгалиев.