23:50, 16-март, 2026

Жаза аткаруу департаментинин жоокеринен кургак учук аныкталды

На русском
17:48, 16-март, 2026 245

АКИpress - Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кайтаруу жана коштоп жүрүү департаментинин катардагы аскер кызматчысы 10-мартта кургак учукка шектелгенин 16-мартта Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле күнү 1-батальондун жоокери К.Б.Б. департаменттин медициналык бөлүмүнүн изоляторуна жаткырылып, медициналык кызмат тарабынан тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлгөн.

Анализдер ооруну тастыктап, 16-мартта аскер кызматчысы Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук фтизиатрия борборуна жаткырылды.

Аскер кызматчыларынын арасында эпидемиологиялык иликтөө жана текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»