АКИpress - Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Гүлсүнкан Жунушалиеванын Жогорку Кеңештин депутаты ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча арызы келип түштү.
БШК бул арызды 16-марттагы жыйынында карай турганы маалымдалды.
Гүлсүнкан Жунушалиева №29 округ боюнча 6 688 добуш менен шайланган. Ал «Ынтымак Мекенчил» депутаттык тобунун жана Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин мүчөсү.
Буга чейин депутаттык мандаттарын тапшыргандар:
Элдар Сулайманов
Нурланбек Тургунбек уулу
Кундузбек Сулайманов
Жанар Акаев – Ош шаарынын мэри болуп дайындалды
Куванычбек Конгантиев
Курманкул Зулушев
Шайырбек Ташиев
Нурланбек Азыгалиев