23:47, 16-март, 2026

«Лексустун» айдоочусу сүйгөнүнүн аты жазылган номур үчүн 55 миң сом айыпка жыгылды

На русском
17:09, 16-март, 2026 485

АКИpress - Бишкекте «Lexus GX470» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна жасалма мамлекеттик номер колдонгону үчүн айып пул салынды. 

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, 16-мартта саат 14:00 чамасында кайгуул кызматкерлери мамлекеттик номурдун ордуна «НУРАЙЫМ» деген жазуусу бар тактаны тагып алган унааны токтотушкан.

Айдоочу бул сүйлөшкөн кызынын ысымы экенин жана аны атайын жаздырып, унаасына тагып алганын айткан. Кайгуул кызматы жасалма мамлекеттик номурларды колдонуу мыйзамга каршы келерин эскертти.

Текшерүүнүн жыйынтыгында унаа айып короого токтотулуп, айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.

Мындан сырткары, унаанын алдыңкы каптал айнектери тиешелүү уруксаты жок мыйзамсыз караңгылатылганы аныкталды.

Айдоочуга жалпы 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»