03:57, 17-март, 2026

УКМК төрагасы бизнесмендер менен жолукту

На русском
16:46, 16-март, 2026 828

АКИpress - Президенттин тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын январь айынан тарта ишкерлерди негизсиз текшерүүлөр токтотулган. Бул саясаттын алкагында бүгүн, 16-мартта УКМК төрагасы Ж.Шабданбеков бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

УКМК төрагасы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү бизнестин туруктуу иштөөсүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана салык базасын калыптандырууга түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. Төрага бүгүнкү жолугушуу ишкерлердин пикирин  угууга, алардын көйгөйлөрүн талкуулоого ишенимдүү аянтча болорун кошумчалады. 

«Ак ниеттүү бизнес эркин жана ишенимдүү иштеши керек. Укук коргоо органдарынын негизги милдети — тоскоолдук жаратуу эмес, экономиканы коргоо, андыктан биз силердин ишмердүүлүгүңөргө негизсиз кийлигишүүдөн алыспыз, тескерисинче силерге кандайдыр бир кысым болсо, коргоого даярбыз. Болгону ачык жана ак ниет иштеп бериңиздер», - деди УКМК төрагасы.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер да өздөрүнүн сунуш-пикирлерин айтышты. Алар текшерүүлөрдүн ачык-айкын жүргүзүлүшү зарыл экенин белгилешти жана бизнес-коомчулугуна мыйзамдардагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматты көбүрөөк жеткирүү сунушун айтышты.

Өз кезегинде Ж.Шабданбеков буга чейин ишкерлерге карата  мыйзамсыз аракеттер жана административдик тоскоолдуктар жаралган болсо,  баары мыйзам чегинде караларын кошумчалады. Ошондой эле бизнес-коомчулугунда мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп, кылмыштуу схемаларга аралашкандар болсо, алардын жоопкерчилиги тууралуу да эскертти. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»