19:47, 16-март, 2026

Садыр Жапаров Гананын тышкы иштер министрин кабыл алды

На русском
16:17, 16-март, 2026 216

АКИpress - 16-мартта президент Садыр Жапаров Гананын тышкы иштер министри Сэмюэл Аблакваны кабыл алды.

Президенттин администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча тараптардын аракеттенүүлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкөлөрдүн географиялык жактан алыс жайгашканына карабастан, Кыргызстан Гана менен эки жактуу жана көп тараптуу форматта кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Садыр Жапаров Африка өлкөлөрү менен өнөктөштүктү бекемдөө боюнча активдүү иштер жүрүп жатканына токтолду. Буга байланыштуу, өткөн жылы Кыргызстандын Эфиопиядагы элчилиги ачылганын, жакынкы аралыкта Египетте да элчилик ачуу пландалып жатканын кошумчалады.

Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстан Африка биримдигинде байкоочу макамын алганына көңүл бурду. Бул уюмдун алкагында, анын ичинде Гананын 2027-жылдагы төрагалыгынын мезгилинде кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Гананын тышкы иштер министри Сэмуэл Аблаква өз кезегинде Садыр Жапаровго Гананын президенти Жон Драмани Махаманын жылуу саламын айтып, Гананын көз карандысыздыгынын 70 жылдыгына жана Африка биримдигине төрагалык кылуусуна байланыштуу келерки жылы өлкөгө келип кетүүгө чакыруусун жеткирди.

Сэмуэл Аблаква Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалардын маанисин баалап, айрыкча коррупцияга каршы күрөшүү жана улуттук кызыкчылыктарды коргоо багытындагы аракеттерди, анын ичинде Кумтөр маселесин белгиледи. Ошондой эле курулуш, санариптештирүү, туризм жана агроөнөр жай комплекси эки өлкөнүн кызматташтыгы үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин айтты.

Соңунда президент Садыр Жапаров менен Гананын тышкы иштер министри Сэмуэл Аблаква бул сапар өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана ишкердик мамилелерди чыңдоодо жаңы барак ачарына ишеним билдиришти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»