01:06, 17-март, 2026

Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имарат буздурула баштады

15:44, 16-март, 2026 1003

АКИpress - Бишкекте Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде курулуп жаткан имаратты бузуу иштери башталды.

«Ташболот холдинг» компаниясынын башчысы Назгүл Түлеева билдиргендей, имарат «Old Bishkek» долбооруна тиешеси жок жана 3 башка менчик ээсине таандык.

Эми бул аймакта жашыл аймак уюштурулат. Айчүрөк соода борборунун (ЦУМ) жанындагы талкаланган оргумалардын ордундагы темир конструкция да 10 күндө демонтаждалат.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, оргума композициясын калыбына келтирип, жашыл аймакты көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор даярдалды.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»