03:16, 17-март, 2026

Бишкектин тургуну алдамчыга 1,8 млн сомун алдырган. Шектүү кармалды

На русском
15:38, 16-март, 2026 310

АКИpress - Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, деп маалымдады Ленин РИИБдин басма сөз кызматы.

Милицияга борбор калаанын тургуну кайрылып, 1-февралда өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырган адамга 1 млн 888 миң сом которгонун, ал бул үчүн анын банктык эсептерин коргоону убалаганын, бирок алданып калганын айткан. Аталган факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен каттоого алынып, шектүү катары 2006-жылы туулган Т.Б. аттуу шектүү кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»