19:47, 16-март, 2026

Өзгөндүк тургун бала бакчага «жумушка орношкон», бирок айлык алчу эмес

На русском
15:37, 16-март, 2026 382

АКИpress - Ош облусунун Өзгөн районунда жаранды мектепке чейинки билим берүү мекемесине кызматкер катары мыйзамсыз каттоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, райондогу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринин кызмат адамдары К.Б. аттуу жарандын паспорттук маалыматтарын пайдаланып, аны алдамчылык жолу менен формалдуу түрдө кызматкер катары каттап, атынан социалдык төлөмдөрдү жүргүзүп, эсептелген эмгек акыны өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы аныкталган.  Мындан улам, К.Б. аттуу муктаж жарандын төрт жашы жете элек балдарына карата «Үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөк пулдун төлөнүшү токтотулган.

Аталган факт боюнча райондук прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»