20:44, 16-март, 2026

Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда 24 соода павильону алынды

На русском
13:32, 16-март, 2026 340

АКИpress - Бишкектеги Аламүдүн-1 кичи районунда Ауэзов көчөсүндөгү жашыл аймак мыйзамсыз орнотулган соода павильондорунан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы билдирди.

Бардыгы болуп 24 павильон алынды.

Буга чейин соода павильондорунун ээлерине жана сатуучуларына объекттер алына турганы эскертилген. Аларга «Чынар» жана «Аламүдүн» базарларынан орундар сунушталган, бирок ишкерлер баш тартышкан.

Павильондор жашыл аймакта жайгашкан болчу. Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу мэрия келишимдерди бузган.

28-февралда ыктыярдуу демонтаждоо тууралуу эскертүүлөр тапшырылган, бирок эч кандай реакция болгон эмес. 11-мартта павильондор электр энергия жана суудан ажыратылган.

Бошотулган аймакта кичи бакча куруу пландалууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»