20:44, 16-март, 2026

Кыргызстандык боксчу кыз Таиланддагы мелдеште жеңилсе да коло байгелүү болду

На русском
13:28, 16-март, 2026 271

АКИpress - Кыргызстандык спортчу Зарина Асанова Таиландда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште коло байгелүү болду.

19 жашка чейинки спортчулар арасындагы «World Boxing Futures Cup» турнири 8-15-март күндөрү Бангкок шаарында өттү.

Асанова 70 кг чейинки салмак категориясындагы мелдешке катышты, бул салмакта жалпысынан 5 спортчу ат салышты.

Кыргызстандык спортчу дароо 1/2 финалдан баштады, анын атаандашы италиялык спортчу Сарра Скоррано болгон.

Биринчи раунддун жыйынтыгы боюнча италиялык спортчу 5:0 эсебинде алдыда болчу (10-8, 10-9, 10-8, 10-8, 10-8), ал эми экинчи раунддун акыркы мүнөтүндө рефери бир нече нокдаундан кийин беттешти токтоткон.

Асанова беттеште жеңилгени менен 3-орунду ээлеп, коло байгелүү болду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»