15:16, 16-март, 2026

Быйыл өлкөдө 9 млн көчөт отургузуу пландалууда

На русском
13:04, 16-март, 2026 179

АКИpress - Жаратылыш министринин орун басары Алмаз Мусаев 16-мартта Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Жашыл мурас» долбоорунун алкагында жашылдандыруу иштери боюнча маалымат берди.

2022-жылы өлкө боюнча 4223 гектар аянтка 6 млн 486 миң көчөт отургузулган.

2023-жылы 5000 гектар аянтка 7 млн 572 миң көчөт отургузулуп, анын натыйжалуулугу 64,35% түзгөн.

2024-жылы жашылдандырылган аянт 5774 гектарды түзүп, 8 млн 147 миң көчөт отургузулуп, натыйжалуулугу 83% болду.

2025-жылы 8,5 млн көчөт отургузуу пландалган болсо, иш жүзүндө 6420 гектар аянтка 8 млн 239 миң көчөт отургузулуп, натыйжалуулук 74,57% жеткен.

2026-жылга 9 млн көчөт отургузуу пландалууда, ага карата даярдык иштери башталды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»