00:47, 17-март, 2026

Ташиевдерге тиешелүү компаниялар «Кыргызнефтегаздан» 262 миң тонна мунай алышкан, - «Салык Сервис»

На русском
12:59, 16-март, 2026 2495

АКИpress - «Салык Сервис» мамлекеттик мекемеси [Салык кызматынын маалыматтык тутумдарынын оператору] жалпыга маалымдоо каражаттарына видеоматериал таратты.

Чыгарылышта «Салык Сервистин» улук PR адиси Анарбек Катаганов «Кыргызнефтегаз» тарабынан казып алынган мунайды УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарына тиешеси бар ортомчу фирмалар чыгарып кеткен схема аныкталганын билдирди.

Катагановдун айтымында, 5 жылда — 2021-2025-жылдары 262 миң тонна чийки мунай чыгарылып кеткен, бул акчалай 7,6 млрд сомду түзгөн.

«Кыргызнефтегаз» жылына 180 миң тонна мунай казып чыгарат, деп түшүндүрдү Катаганов. Ошол эле учурда компаниянын өзүнүн «Кыргыз Петролеум Компани» аталышындагы мунай иштетүүчү заводу бар, анын директору — Байгазы Матисаков, ал Катагановдун айтымында, Камчыбек Ташиевдин тууганы болот.

Видеодо айтылган маалыматтарга ылайык, беш жылдын ичинде «Кыргызнефтегаз» 879 миң тонна мунай казып алган, анын ичинен 29 миң тонна технологиялык жоготуу катары саналган, кайра иштетүүгө 850 миң тонна калган.

«Кыргызнефтегаз» бардык мунайдын 30%ын же 262 миң тоннасын жеке менчик фирмаларга саткан, алар мунайды кайра эле «Кыргызнефтегаздын» заводуна даяр мунай продуктуларын алуу үчүн жеткиришкен.

«Эгер мамлекеттик ишкана бул ортомчуларсыз түздөн-түз өз заводуна сырье берсе, бардык кирешени өзү эле алмак», - деп түшүндүрдү Катаганов.

Ал мамлекеттик мунайды сатып алган фирмаларды тизмектеп берди:

- «Кыргыз-өзбек-азербайжан Жалал-Абад мунай иштетүүчү заводу» ЖЧКсы 5 жылда 83 миң тонна алган.

«Бул фирманын директору – Ташиев Казыбек Кадыршаевич, ал эми ээси – Ташиев Шайырбек Кыдыршаевич», - деди Катаганов.

- «Регион Ойл»

«Бул фирманын ээси – Айдарова Назгүл Кубанычбековна. Ал «Ата Журт» саясий партиясында бухгалтер болуп да иштейт», - деди Катаганов.

«5 жылда берилген 262,4 миң тонна сырье акчалай 7,6 млрд сомго сатылган. Бир тонна чийки мунайдын баасы 19 миң сомдон 40 миң сомго чейин өзгөргөн. Ал эми «Кыргызнефтегаз» мунайды өз заводуна өзү эле бергенде, ар бир тоннасы үчүн орточо эсеп менен 12 миң сомдон тапмак. Демек, 262,4 миң тоннаны 12 миң сомго көбөйтсөк — 5 жылда мамлекет 3,1 млрд сом жоготкон. Дал ушул кирешени Ташиевдер менен аффилирленген компаниялар бөлүп алышкан», - деп түшүндүрдү Катаганов.

Ал «Кыргызнефтегаз» казып алынган мунайдын 60%ын инвесторлорго берерин айтты. Бул инвесторлор да, Катаганов билдиргендей, өз сырьесун Шайырбек Ташиевдин компаниясына жана Ташиевдер көзөмөлдөгөн башка бир нече компанияга саткан.

Эксперттердин айтымында, мунай казып алуудагы өндүрүштүк жоготуу 1%дан ашпашы керек, ошондуктан 879 миң тоннадагы жоготуу 9 миң тоннаны түзүшү керек болчу. 20 миң тонна мунайдын наркы, Катагановдун айтымында, 560 миллион сомду түзөт.

Видедо ал «Кыргызнефтегаз» казып алган сырьёдон алынган мунай продуктуларын сатуу маселесине да токтолду.

«Байгазы Матисаков даяр продукцияны кантип сатканы тууралуу көп суроолор жаралууда. Мисалы, "Мока групп" ЖЧКсы деген фирма белгилүү "Red Petroleum" брендинен да көп күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алган. "Мока групптун" ээси – Тай-Мурас Ташиев, ал эми Юстиция министрлигинин архивдик маалыматтары боюнча, 2020-жылдын 6-ноябрына чейин ээси Камчыбек Кыдыршаевич өзү болгон», - деди Катаганов.

Ал аффилирленген фирмалар чийки мунайдан гана эмес, мунай продуктуларынан да киреше алганын түшүндүрдү.

«Мазут жана дизель – бул эң популярдуу продукциялар, мазутка башка өлкөлөрдө чоң суроо-талап бар. Мисал катары бир окуяны айтып берейин. 2021-2023-жылдары "Регион Ойл" фирмасы "Кыргызнефтегаздан" 466 млн сомдук мазуттун олуттуу көлөмүн сатып алган. Андан кийин "Регион Ойл" мазутту Дубайдагы "ARoil Limited" компаниясына 100 млн сомго саткан. Ал эми "Кыргыз Петролеум Компаниге" 88 млн сомго саткан», - деди Катаганов.

Маалымат үчүн:

«Салык Сервис» мамлекеттик мекемеси Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы мекеме болуп саналат жана салык органдарынын маалыматтык системаларынын иштешин камсыз кылат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»