АКИpress - Кыргызгидромет билдиргендей, 17-мартка караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге, Ысык-Көл облусунун акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн -1…+4
күндүз +9…+14
Талас облусу
түнкүсүн -2…+3
күндүз +6…+11
Баткен облусу
түнкүсүн 0…+5
күндүз +12…+17
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн 0…+5
күндүз +12…+17
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -1...-6
күндүз +6…+11
Нарын облусу
түнкүсүн -3…-8
күндүз +1…+6
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн абанын температурасы 0…+2, күндүз +11…+13 градус болот.