02:56, 17-март, 2026

Эпизоотиялык абал көзөмөлдө, - министрлик аймактардагы мал оорусу боюнча

На русском
12:21, 16-март, 2026 493

АКИpress - Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков (№27 шайлоо округу) 16-мартта парламенттин агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында мал ооруга чалдыгып жаткандыгы боюнча аймактардан кайрылуулар түшүп жатканы тууралуу билдирди.

Анын айтымында, алар жаныбарлардан оорунун белгилери байкалып жаткандыгын билдиришүүдө: мал чөптү да, жемди да жебей, дене табы көтөрүлүп, жара пайда болгон. Айрым учурларда мал өлүп калууда.

Муратбеков мындай кырдаал олуттуу тынчсызданууну жаратып жатканын, анткени көптөр үчүн мал чарбачылык кирешенин негизги булагы болуп саналаарын билдирди.

Буга жооп кылып, айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дүйшеев республикада жалпысынан эпизоотиялык абал көзөмөлдө экенин билдирди. Анын айтымында, министрлик мал ооруларынын алдын алуу үчүн вакциналарды сатып алып жатат.

Ал белгилегендей, мекеме 2 жылдан бери жаныбарлар үчүн 9 түрдүү вакцинаны алдын ала, болжол менен 6 ай мурда сатып алууда. Анын айтымында, учурда вакциналар боюнча көйгөй жок. Республикалык бюджеттен ветеринардык иш-чаралар үчүн кошумча каражаттар бөлүнүүдө.

Муратбеков аймактардан келген маалыматтар көйгөй бар экендигин көрсөтүп жатканын айтты.

Депутат эмдөө жылына бир жолу жүргүзүлөрүн, бирок фермерлер бул жетишсиз жана вакцина күтүлгөн натыйжа бербей жатат деп айтып жатканын белгиледи.

Муратбеков министрликке учурдагы абал боюнча толук маалымат берүүнү, ошондой эле жаныбарларды кандай дарылар менен дарылоо керектигин жана кандай процедураларды жүргүзүү керектигин түшүндүрүүнү тапшырды. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»