АКИpress - 16-мартта Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гананын тышкы иштер министри Сэмюэл Окузето Аблакванын жолугушуусу өтүүдө.
Гананын тышкы иштер министри Кыргызстандын ТИМ башчысынын чакыруусу менен 15-март күнү өлкөгө расмий сапар менен келген.
Жээнбек Кулубаев Гананын ТИМ башчысынын Кыргызстанга болгон бул алгачкы сапарын белгилеп, Гананын 6-мартта белгиленген Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
«Биздин өткөн жылдын сентябрь айында Нью-Йоркто, БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында болгон жолугушуубуз эки тараптуу мамилелердин келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк берген. Бүгүн бизде бул кызматташтыктын конкреттүү багыттарын жана артыкчылыктарын аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү», - деди Кулубаев.