01:05, 17-март, 2026

Акыркы 2 айдагы кызматтан алынуулар жана мандат тапшыруулар

10:33, 16-март, 2026 1363

АКИpress - Февраль айынан бери өлкөдөгү саясий түзүлүш токтоосуз өзгөрүүдө. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынуусунан баштап бир катар министрликтин, шаар, мамлекеттик мекеме жетекчилери кызматтарынан кол жууду.

Мындай процесс Жогорку Кеңеште да уланууда. Эки айдын аралыгында 8 депутат мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, бир депутат - Жанар Акаев кызматынан кеткен Ош мэри Жеңишбек Токторбаевдин ордуна кызматка барды. Анын мандаты Таалайбек Сарыбашовго ыйгарылды. Ошондой эле парламент төрагасы жана анын орун басарлары, комитет жана депутаттык топтордун курамдары өзгөрдү.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»