16:01, 16-март, 2026

Иран ок атышууну токтотууну суранган жок, - тышкы иштер министри

На русском
11:40, 16-март, 2026 413

АКИpress - Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин коопсуз өтүшүн талкуулоого даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу ал америкалык «CBS» телеканалына берген маегинде айтты.

- АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен келишим түзүүгө али даяр эместигин билдирди. Иран ок атышууну токтотууну суранды беле?

- Жок. Биз ок атышууну токтотууну суранган эмеспиз, сүйлөшүү жүргүзүүнү да суранган эмеспиз. Биз өзүбүздү коргоого даярбыз. Президент Трамп бул мыйзамсыз жана жеңүү мүмкүн болбогон согуш экенин түшүнгөнгө чейин уланта беребиз.

- Ормуз кысыгы жабыкпы? Кемелердин коопсуздугуна тынчсызданып жаткан өлкөлөргө эмне дейсиз?

- Биз кемелеринин коопсуз өтүшүн талкуулагысы келген өлкөлөр менен диалогго ачыкпыз. Мен мамлекеттерди атап бере албайм, бирок бир нече өлкө кемелеринин коопсуз өтүшүн камсыз кылуу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Бул маселени биздин аскерлер чечишет. Алар буга чейин бир топ кемеге коопсуз өтүүгө уруксат берүү чечимин кабыл алышкан. Биз аларга коопсуздукту камсыз кылабыз, анткени биз кысыкты жапкан эмеспиз.

- Сиздердин учкучсуз каражаттарыңар жана ракеталарыңар АКШнын союздаштары болгон коңшу өлкөлөргө сокку уруп жатат. Согуштан кийин мамилелерди кантип калыбына келтиресиздер?

- Бул өлкөлөр АКШга өз аймактарын бизге чабуул коюу үчүн колдонууга уруксат беришкен. Биз жөн эле отура албайбыз.

Аббас Арагчи Ирандын ядролук объектилери уранды алдында калганын жана азырынча аларды калыбына келтирүү боюнча пландары жок экендигин билдирди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»