01:24, 17-март, 2026

Дубайдагы аэропортто дрон чабуулунан улам өрт чыкты

На русском
11:30, 16-март, 2026 320

АКИpress - Дубай эл аралык аэропортунун аймагында учкучсуз аппараттын чабуулунан кийин өрт чыкты. Бул тууралуу 16-мартта эмирликтин өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бийликтин маалыматы боюнча, дрон менен болгон окуянын натыйжасында аэропорттун четиндеги күйүүчү май сакталган жай өрттөнгөн. 

Бийликтин маалыматына караганда, жабыркагандар тууралуу маалымат келип түшкөн эмес.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:10 чамасында өрт токтотулду. Кийинчерээк Дубайдын жарандык авиация башкармалыгы жүргүнчүлөрдүн жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында аэропортто учууларды убактылуу токтотконун жарыялады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»