АКИpress - Кыргызстандын аймагында өткөн суткада 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрттөр:
- Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустарында — 2,
- Жалал-Абад жана Талас облустарында — 1ден катталды.
Бишкек шаарындагы учурлар:
Биринчи май районунун Патрис Лумумба көчөсүндөгү «Геология» базарынын кампасында автоунаа тетиктери өрттөнүп, өрт 250 чарчы метр аянтты каптады.
Ленин районунун Бейшеналиева көчөсүндө 3 чарчы метр аянттагы таштандылар өрттөндү.
Өрттүн себептери такталууда.