АКИpress - 14-мартта Москвада Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя Жаңы Москвадагы Калуга шоссесинин 45-чакырымында болгон. Анда экскурсиялык автобус менен «Volkswagen» үлгүсүндөгү кичи автобус кагышкан.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен кичи автобуста бара жаткан 6 кыргызстандык жабыркаган. Алар ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алып, Москванын ооруканаларына жеткирилди. Учурда аларга зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө экенин ведомстводон кошумчалашты.