АКИpress - Казакстанда Борбордук референдум комиссиясы жаңы Конституция долбоору боюнча добуш бергендердин саны тууралуу маалыматтарды берди.
Республика боюнча катышуу 64,43% түздү. Референдумга буга чейин 8 029 286 казакстандык катышты.
«Казакстандын Республикалык референдум жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 31-берененин 2-пунктуна ылайык, референдумга катышууга укугу бар жарандардын жарымынан көбү добуш берген учурда референдум өттү деп эсептелет», деп билдиришти Борбордук референдум комиссиясынан.
Казакстанда жаңы Конституция боюнча референдум өттү деп таанылды.
Аймактар боюнча катышуу:
- Абай облусу – 69,29%;
- Акмоло облусу – 71,33%;
- Актөбө облусу – 77,65%;
- Алматы облусу – 68, 23%;
- Атырау облусу – 64,33%;
- Батыш Казакстан облусу – 60,61%;
- Жамбыл облусу – 70,31%;
- Жетисуу облусу – 68,50%;
- Караганды облусу – 72,63%;
- Костанай облусу – 70,96%;
- Кызылорда облусу – 82,02%;
- Мангыстау облусу – 68,19%;
- Павлодар облусу – 68,41%;
- Түндүк Казакстан облусу – 60,70%;
- Түркстан облусу – 72,39%;
- Улытау облусу – 66,50%;
- Чыгыш Казакстан облусу – 78,98%;
- Астана – 47,76%;
- Алматы – 28,16%;
- Шымкент – 72,61%.