00:29, 17-март, 2026

«Дарыгердин депозити» программасындагы курактык чектөөнү алуу пландалууда

На русском
09:08, 16-март, 2026 430

АКИpress - Саламаттыкты сактоо министрлиги «Дарыгердин депозити» программасынын катышуучулары үчүн курактык чектөөнү алып салууну пландап жатат. Бул тууралуу министрдин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев «Ишеним» жана «Ала-Тоо» депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда программага 487дей дарыгер катышууда, жалпысынан алардын санын 500гө жеткирүү пландалууда. Мындан тышкары, министрлик программаны 2 миң катышуучуга чейин көбөйтүү боюнча суроо-талап жөнөттү. Чечим жылдын аягына чейин кабыл алынышы күтүлүүдө.

Мамадалиев белгилегендей, башында программа шаар тибиндеги айылдарда, чакан шаарларда жана алыскы аймактарда иштеген медицина кызматкерлерин колдоого багытталган болчу. Азыркы учурда аны Бишкек шаарын кошпогондо, өлкөнүн дээрлик бардык аймактарына жайылтуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Ошондой эле министрлик 35 жаш курактык чекти жоюуну көздөп жатат.

«Бүгүнкү күндө аймактарга жалаң гана жаш адистер эмес, жашы улуу дарыгерлер да иштөөгө барышат. Бирок, колдонуудагы ченемдер боюнча алар курактык критерийлерге туура келбейт. Ошондуктан биз бул чектөөнү алып салууну сунуштайбыз», - деди ал.

Анын айтымында, программа биринчи кезекте алыскы аймактардагы медициналык кадрлардын жетишсиздигин жоюу маселесине арналган. Бишкек шаары программага киргизилбейт, анткени борбор калаада кадрлардын жетишсиздиги жок.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»