01:55, 17-март, 2026

Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан имарат буздурулат

На русском
08:15, 16-март, 2026 1108

АКИpress - Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борбордун жанындагы имарат демонтаждалат, деп билдирди «Ташболот Холдинг» компаниясынын жетекчиси Назгүл Түлеева.

«Бул имаратты шаардыктар "куту" деп атап жатышат», - деп жазган ал.

Түлеева имарат «Old Bishkek» долбооруна тиешеси жоктугун жана 3 башка менчик ээге таандык экендигин билдирди.

«"Ташболот Холдинг" компаниясы техникалык бөлүгүнө жоопкерчиликти өзүнө алат: демонтажды "Old Bishkek" долбоорунун адистери жакынкы арада жүргүзүшөт. Андан кийин дароо аймак ачык жана көрктөндүрүлгөн абалга келтирилет», - деди ал.

Нариман Түлеев Чүй проспектисинин Абдрахмановдон Шопоковго чейинки тилкесинде соода-көңүл ачуу комплекстери жана жер алдындагы унаа токтотуучу жай уюштурарын убадалаган. Аймак 2025-жылы майдан декабрга чейин жабык болгон.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»