01:19, 16-март, 2026

Бишкектин Жибек Жолу көчөсүндөгү көпүрө жарым-жартылай ачылды

На русском
18:17, 15-март, 2026 942

АКИpress - 15-мартта Бишкектин Жибек Жолу көчөсүндөгү көпүрө реконструкциядан кийин транспорт кыймылы үчүн жарым-жартылай ачылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Осмонкулов жана Курманжан датка көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде унаа кыймылы көпүрөнүн бир тарабы менен эки тараптуу багытта уюштурулду.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болгон. Аткарылган иштерден кийин анын жалпы туурасы 34,3 метрге, ал эми узундугу 25 метрге жетти.

Көпүрөнүн экинчи тарабын март айынын аягына чейин ачуу пландалууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»