АКИpress - Борбордук шайлоо комиссиясы 15-марттагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин өз арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Анын депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды.
Нурланбек Азыгалиев №17 округдан 12 миң 20 добуш менен шайланган жана «Эл үмүтү-Ата Журт» депутаттык тобунун курамында болчу.
Буга чейин депутаттык мандатын тапшыргандар:
- Элдар Сулайманов
- Нурланбек Тургунбек уулу
- Кундузбек Сулайманов
- Жанар Акаев (Ош шаарынын мэри болуп дайындалган)
- Куванычбек Конгантиев
- Курманкул Зулушев
- Шайырбек Ташиев