01:19, 16-март, 2026

Бишкекте Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

На русском
13:54, 15-март, 2026 856

АКИpress - 15-мартта Бишкекте Кыргызстандын эмгек баатыры, эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Кеңеш Жусуповду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, коштошуу зыйнатына маданият ишмерлери, маркумдун замандаштары жана жакындары катышты.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев көңүл айтуу менен бирге, Кеңеш Жусупов «Манас» дүйнөсүн даңазалаган, өз элинин тагдырын, тарыхын жана доордун үнүн жеткире алган инсан болгонун белгилешти.

Замандаштарынын атынан академик Абдыганы Эркебаев, кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев жана Кытайдан келген кыргыз окумуштуусу, профессор Макелек Өмүрбай сөз сүйлөштү.

Кеңеш Жусупов «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, Кыргыз ССР Жогорку советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Ал «КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, II даражадагы «Манас» орденинин ээси, «КР Эл жазуучусу» жана «КР Эмгек баатыры» наамдарын алган.

Анын чыгармачылык жолунда эң алгачкы «Түш» аттуу аңгемеси 1958-жылы «Ленинчил жаш» гезитине жарыяланган. Биринчи китеби 1965-жылы «Жашоо кумары» деген ат менен жарык көргөн. 1966-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болуп кабыл алынган. Андан соң «Каралдым тоолор», «Жүрөгүм менин тоолордо», «Ыр сабындагы өмүр», «Күлгүн курак», «Тоолуктар баяны» сыяктуу китептери басылып чыккан.

Кеңеш Жусупов Ашым Жакыпбеков менен биргеликте «Манас» эпосунун прозалык вариантын иштеп чыккан. Ошондой эле ал кыргыз элинин этнографиясын, маданиятын, тарыхын, оозеки жана жазуу түрүндөгү адабиятын камтыган 40 томдук «Кыргыздар» аттуу фундаменталдуу эмгектин демилгечиси жана түзүүчүсү.

Жазуучунун көптөгөн көркөм чыгармалары түрк, украин, өзбек, чех, орус, казак, татар, араб жана француз тилдерине которулган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»