05:07, 16-март, 2026

Чүйдө мурдагы аялын уурдап, 40 миң доллар талап кылганга шектүү кармалды

На русском
13:06, 15-март, 2026 877

АКИpress - Адам уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

13-мартта кечки саат алты жарымда Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө 38 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 36 жаштагы карындашын уурдап кеткен мурдагы күйөө баласына карата чара көрүүнү суранган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча катталган.

Милициядан билдиришкендей, окуя 13-мартта Кант шаарында болгон. Эртең мененки саат тогуз чамасында эркек киши мурдагы аялын анын «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасы менен уурдап кеткен. Ал аялды тоого алып барып, көрүстөндөрдүн жанында өлтүрөм деп коркутуп, 40 миң доллар талап кылган. Ошондой эле кечкиге чейин аялга зомбулук көрсөткөн.

Шектүү катары 1990-жылы туулган Ч.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»