АКИpress - Бүгүн, 15-мартта Казакстанда жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча республикалык референдум өтүп жатат.
Казакстандыктар референдум тилкелеринде жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:00 — 20:00 аралыгында добуш бере алышат. Ал эми 92 тилке башкалардан эрте, тагыраак айтканда саат 06:00дө ишин баштаган.
Казакстандыктар бир суроого жооп беришет:
«Сиз Казак Республикасынын жаңы Конституциясын колдойсузбу (анын долбоору 2026-жылдын 12-февралында жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган)?». Бюллетенде эки вариант бар: «Ооба, кабыл алам» же «Жок, кабыл албайм».
Ар бир бөлүм же берене боюнча өзүнчө добуш берүү каралган эмес, долбоор бүтүндөй кабыл алынат.
Бюллетень жашыруун добуш берүү кабинасында жекече толтурулат.
Конституция долбоорунун казак жана орус тилдериндеги тексти, ошондой эле анын аудио версиясы бардык добуш берүү участкаларында илинген.
Референдумга байкоо жүргүзүү үчүн 38 өлкөдөн жана 11 эл аралык уюмдан 359 эл аралык байкоочу (ЖМК өкүлдөрүн кошпогондо) аккредитацияланган.
Добуш берүүгө республика боюнча 12 461 796 жаран катыша алат.
Жалпысынан 10 402 референдум участкасы иштейт. Алардын ичинен: 9 779 участка – жарандардын каттоосу боюнча, 634 участка – убактылуу жайгашкан жерлерде.
Дагы 14 230 казакстандык жаран чет өлкөлөрдө добуш бере алышат. Алар үчүн Казак Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде — 54 өлкөдө 71 участка иштейт. Добуштарды эсептөө участкалар жабылгандан кийин саат 20:00дө башталат.
Референдумдун Борбордук комиссиясы добуш берүү күнүнөн тартып жети күндүк мөөнөттө, тактап айтканда 2026-жылдын 21-мартынан кечиктирбестен добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарышы керек.