11:19, 13-март, 2026

2025-жылдын мыкты судьялары жана мыкты соттору сыйланды

На русском
09:57, 13-март, 2026 295

АКИpress - Жогорку соттун пленумунун жыйынында сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Жогорку сот билдиргендей, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты жергиликтүү сот жана мыкты судья аныкталды.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ишт кароонун сапатына берилген баалоонун негизинде «Жылдын мыкты судьясы» номинациясынын жеңүүчүлөрү аныкталып, Жогорку соттун Өнүктүрүү жана сыйлоо фондунан төмөнкүдөй өлчөмдө стимулдаштыруучу төлөмдөр берилди:

I орун — Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Назирдинова Чолпон Жыргалбековна — 250 000 сом;

II орун — Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун төрагасы Тилемишов Азамат Жайчыбекович — 200 000 сом;

III орун — Эсенбаев Адылбек Маматибраимович — 150 000 сом.

Мындан тышкары «Мыкты облустук сот» деп Жалал-Абад облустук соту; «Мыкты райондук сот» деп Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту таанылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»