11:19, 13-март, 2026

Айпери Медет кызы Олимпиада чемпионуна каршы беттешет

На русском
09:48, 13-март, 2026 280

АКИpress - Айпери Медет кызы «PWL» турнирине катышат. Турнир 27-мартта Ташкентте (Өзбекстан) өтөт.

Медет кызы Жапониянын азыркы Олимпиада чемпиону Юки Кагами менен кармашат. «PWL» билдиргендей, буга чейин спортчулар төрт жолу беттешип, экөө тең экиден жеңишке жеткен.

Акыркы жолугушуу 2023-жылдагы дүйнө чемпионатынын финалында орун алып, анда Кагами жеңген.

Жапониялык спортчу 2024-жылы Париждеги Олимпиаданы уткан, андан кийин килемге чыга элек.

Медет кызы болсо Париждеги Олимпиадада 5-орунду ээлеген, андан кийин Азия чемпионатын жана Ислам оюндарын утуп, дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болгон.

«PWL 11» турниринде Акжол Махмудов жана Абдумалик Карачов да чыгышат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»