11:05, 13-март, 2026

Түркияда 5,5 баллдык жер титиреди

09:40, 13-март, 2026 256

АКИpress - Түркиянын Токат провинциясынын Никсар районунда 5,5 баллдык жер титирөө катталды. Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, өлкөнүн ички иштер министри Мустафа Чифтчи, Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар боюнча башкармалыгы (AFAD), Токаттын губернатору жана Токаттын мэри берген маалыматка ылайык, азырынча кыйроолор каттала элек. Никсарда окуу 1 күнгө токтотулду.

Жер титирөө Түндүк Анатолия жаракалар тилкесинде, 6,37 километр тереңдикте болгону аныкталды. Жер силкинүүсү жакын жайгашкан облустарда да сезилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»