03:34, 13-март, 2026

Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу үн катты

На русском
19:07, 12-март, 2026 1162

АКИpress - Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири бизди тынчсыздандырууда, деп билдирди президент Садыр Жапаров.

Ал социалдык тармакка билдирүү калтырды.

«Конфликт руханий тазалануунун, кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн  жана өз ара сый-урматтын айында, ыйык Орозо айында болуп жатканы абдан өкүнүчтүү. 

Биз аймактагы элдер менен бирге, жай турмушта күн кечирген элдин арасында көптөгөн жарандар курман болуп жаткандыгына байланыштуу алардын жакындары менен туугандарынын орду толгус кайгы-муңун тең бөлүшөбүз. Мындай апаатка алып келген аракеттердин баарын айыптайбыз.

Биз, Кыргыз Республикасы БУУнун уставына жана таанылган эл аралык укук принциптерине ылайык, аймактагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү жактайбыз. 

Ошондой эле тараптарды сабырдуулукту карманууга, согуш аракеттерин дароо токтотууга жана кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечүү үчүн, конструктивдүү диалогго тезирээк кайтып келүү үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө чакырабыз».

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»