21:03, 12-март, 2026

«Телеграм» аркылуу алдамчылыкка шектүү кармалды

На русском
16:55, 12-март, 2026 341

АКИpress - 2-мартта Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө Г.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Нурайым аттуу адамга карата чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын февраль айынан 1-мартка чейинки аралыкта белгисиз аял арыздануучунун ишенимине кирип, «Телеграм» мессенжери аркылуу акча көбөйтүп берүүнү убадалаган. Ал жабырлануучуну трейдинг менен байланышкан топко кошкон.

Топтогу көрсөтмөлөрдү аткаруу менен арыздануучу үч башка банктан өзүнүн атына эсептерди жана электрондук капчыктарды ачкан. Андан соң шектүүлөр анын 40 миң сомун алышкан. Акчаны алгандан кийин байланышка чыкпай калышкан.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, 2000-жылы туулган Н.И. аттуу шектүү кармалды. Ал  убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция кызматкерлери анын ушул сыяктуу 10дон ашык алдамчылык фактысына тиешеси бар экенин аныкташты. Тергөө амалдары уланууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»