АКИpress - Бишкектеги Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнүн бир тарабы дем алыш күндөрү ачылат, деп билдиришти мэриядан.
Азыркы учурда асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Мэриянын маалыматы боюнча, реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болгон. Эми көпүрөнүн туурасы 34,3 метрге, ал эми узундугу 25 метрге жетет.
Көпүрөнүн экинчи тарабы март айынын аягына чейин ачылат деп пландалууда.