АКИpress - Кыргызстандык боксчу Арваз Ахмади Таиландда өтүп жаткан эл аралык мелдеште чейрек финалга чыкты.
Бангкок шаарында 19 жашка чейинки спортчулар арасында «World Boxing Futures Cup» турнири өтүүдө. Ахмади 70 кг чейинки салмак категориясында күчүн сынап жатат, бул салмакта жалпысынан 40 спортчу катталган.
Ал мелдешти 1/16 финалдан баштап, Чехиянын өкүлүн жеңген. Ал эми 12-мартта Венгриянын спортчусуна каршы чыкты. Биринчи раундда эле Ахмади атаандашын бир нече жолу нокдаунга учураткандан кийин, калыс беттешти токтотууга аргасыз болду.
Ошентип, кыргызстандык спортчу экинчи жеңишине ээ болуп, чейрек финалга жолдомо алды.
70 кг чейинки салмак
1/16 финал:
- Арваз Ахмади — Ян Сикора (Чехия) — 5:0 (30-27, 30-27, 30-27, 30-27, 30-27)
1/8 финал:
- Левенте Турос (Венгрия) — Арваз Ахмади — Ахмадинин биринчи раунддагы жеңиши
Чейрек финал, 13-март:
- Саидхужа Садиллахужаев (Өзбекстан) — Арваз Ахмади