01:58, 13-март, 2026

Иран лидери Можтаба Хамейни жарадар болгонун тастыктады

На русском
14:27, 12-март, 2026 468

АКИpress - Ирандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн жаңы жогорку лидери Можтаба Хамейнинин жарадар болгондугу тууралуу маалыматты тастыктады. Ошол эле учурда ведомство анын абалы жакшы экенин белгиледи.

Ислам Республикасынын ТИМ өкүлү Эсмаил Багаи «Corriere della Sera» басылмасына берген маегинде, кенже Хамейни качан эл алдына чыгып сөз сүйлөй тургандыгы азырынча белгисиз экенин билдирди. Ал ошондой эле жаңы жогорку лидерлик кызматка үч-төрт адам талапкер болгонун, бирок Эксперттер кеңешинин көпчүлүгү аны тандаганын айтты.

Буга чейин «The New York Times» басылмасы өз булактарына таянып, Можтаба Хамейни 28-февралда — АКШ менен Израилдин Иранга кол салуусунун биринчи күнүндө жаракат алганын жазган. Анын эл алдына чыкпай жатышына дал ушул жарааты жана коопсуздук чаралары себеп болгону айтылууда. Ошону менен бирге, маалымат булактары жогорку лидердин эсинде экенин жана өзүн нормалдуу сезип жатканын белгилешкен. «NYT» материалы жарык көргөндөн көп өтпөй, Иран президентинин уулу жана кеңешчиси Юсеф Пезешкиан Можтаба Хамейнинин ден соолугу чың экенин билдирген.

Кийинчерээк «Reuters» агенттиги өз булактарына таянып, Ирандын жогорку лидери жеңил жаракат алганын, бирок ишин улантып жатканын кабарлады. Болжолдуу маалыматтар боюнча, ал бутунан жаракат алган. Ал эми «CNN» телеканалы буту сынган болушу мүмкүн экенин билдирди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»