АКИpress - Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курамасы (U-23) Түркиядагы окуу-машыгууда эки жолдоштук беттеш өткөрөт.
Машыгуу 23-31-март күндөрү Анталия шаарында уюштурулат.
Эдмар Ласерданын шакирттери 26-мартта сербиялык, ал эми 30-мартта албаниялык футболчулар менен күч сынашат.
Ушул жылдын январь айында жаштар командасы Азия кубогунун финалдык баскычында ойногон, бирок тайпадан чыга албай калган.