18:07, 12-март, 2026

Россияда күйүүчү майдын баасы кескин кымбаттады

На русском
12:48, 12-март, 2026 702

АКИpress - Март айынын башынан бери Россияда күйүүчү майдын дүң баасы өсүп жатат. «Wroom.ru» сайты Петербург биржасынын маалыматын салыштырып, 27-февралдан 11-мартка чейин бензин 6–7%га, ал эми дизель 12%га кымбаттаганын аныктаган.

11-мартка карата баалар төмөнкүдөй:

  • АИ-92 бензини — тоннасы 62 943 рубль (+6,2%);
  • АИ-95 бензини — тоннасы 66 876 рубль (+6,7%);
  • дизель— тоннасы 61 526 рубль (+12,2%).

Адистер баанын өсүшүн Жакынкы Чыгыштагы аскердик аракеттерден улам дүйнөлүк мунай баасынын кымбатташы менен байланыштырууда. Алардын айтымында, дүң баанын өсүшү кийинчерээк май куюучу жайлардагы чекене баага да таасирин тийгизет. Өткөн жылдын экинчи жарымында Россиянын айрым аймактарында күйүүчү май жеткирүүдө үзгүлтүктөр болгон, бирок бара-бара бул маселе чечилген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»