16:07, 12-март, 2026

Грузиядагы турнирге бара турган Кыргызстандын дзюдочулары кимдер?

На русском
12:29, 12-март, 2026 152

АКИpress - Грузиядагы дзюдо боюнча эл аралык мелдешке катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасы белгилүү болду.

Тбилисидеги «Чоң шлем» турнири 20-22-март күндөрү өтөт.

Мелдеште эркектер жана аялдар арасында жалпысынан медалдардын 14 комплекти ойнотулат. Башкы машыктыруучу Эркин Ибрагимовдун жетекчилиги астында беш спортчу татамиге чыгат. Алар:

66 кг чейин — Эрбол Абасбеков

73 кг чейин — Ырыскелди Жумабеков жана Нурмухамед Бакирдинов

90 кг чейин — Эржан Канатбеков

100 кг чейин — Михеили Бекаури

Башкы машыктыруучу — Эркин Ибрагимов

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»