16:34, 12-март, 2026

Парламентте мыйзамды 3 окууда бир кабыл алып салуу ыкмасы татаалдаштырылат

На русском
12:20, 12-март, 2026 219

АКИpress - Жогорку Кенеш 9-мартта өз регламентине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун каттады.

Документ мыйзамдарды тездетилген тартипте кабыл алуу жол-жобосун өзгөртүүнү сунуштайт. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — депутат Нурбек Сыдыгалиев.

Азыркы тартип боюнча мыйзам долбоорун тездетилген жол менен кабыл алуу үчүн көпчүлүк фракциялардын жана депутаттык топтордун, ошондой эле тиешелүү комитеттердин колдоосу жетиштүү. Жаңы сунушталган өзгөртүүлөр бул эрежени кыйындатат. Эми тездетилген тартипте кароо үчүн бардык фракциялардын, депутаттык топтордун жана тармактык комитеттердин макулдугу керек болот. Эгер жок дегенде бир фракция же депутаттык топ каршы чыкса, мыйзам долбоору дароо экинчи жана үчүнчү окууда же үч окууда тең кабыл алынбайт. Мындай учурда ал кадимки тартипте каралат.

Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, азыркы норма айрым фракциялардын өз саясий позициясын ачык билдирүүсүнө тоскоол болушу мүмкүн. Ошондуктан мыйзам долбоорун тездетилген тартипте кабыл алуу үчүн бардык парламенттик бирикмелердин макулдугун талап кылуу сунушталууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»