АКИpress - Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 106-т тескемеси менен «Кыргызполиметалл» ЖЧКсына Марал Кечит алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү укугу берилди.
Документке ылайык, аймак Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан. Тилкенин аянты 101,31 гектарды түзөт.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Кыргызполиметалл» ЖЧКсынын жетекчиси Памиров Дөөлөталы Жалалбекович, уюштуруучусу - Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттиги.
Ишмердүүлүгүнүн түрү: Түстүү металлдардын башка рудаларын казып алуу жана байытуу. 2025-жылдын 20-февралында кайра каттоодон өткөн.
Маселе тууралуу
Жер казынасын пайдаланууга лицензия берүү маселелери боюнча комиссия 2015-жылдын 26-январында лицензия алууга берилген 19 арызды четке каккан. Алардын арасында «Айти-Булак» ЖЧКсынын Марал-Кечиттин (Жалал-Абад облусу, Чаткал району) 44 гектар аянтында алтын издөө боюнча арызы четке кагылган.
Объект «Чаткал Голд» ЖЧКсынын иштеп жаткан лицензиясына дал келген, документтер жаңыртылган эмес. Ал учурда компания 2013-жылдын 12-январында катталган. Жетекчиси жана уюштуруучусу (катышуучусу) катары Аширов Сулайманкул Абдимаматович көрсөтүлгөн.