16:34, 12-март, 2026

Жүк ташыган жаран алдамчылыкка айыпталууда. Анын жакындары бул ишке «Вазелиндин» да тиешеси бар деп ойлошот

На русском
11:20, 12-март, 2026 820

АКИpress - Алдамчылыкка шектелип, камакта отурган жүк ташуучу унаанын айдоочусу А.Б. аттуу жарандын жакындары ага карата негизсиз кылмыш иши козголгонун айтып, бул ишке УКМКнын мурдагы «Вазелин» каймана аты бар У.У.К. аттуу кызматкеринин тиешеси болушу мүмкүн экенин айтышты. Бүгүн, 12-мартта «АКИpress» агенттигинде өткөн маалымат жыйында шектүүнүн эжеси Элнура Бекеева иниси Казакстандан Кыргызстанга жеткирген 8 унаанын 4ү жоголуп, буга иниси шектелип жатканын айтты. Анын айтымында, иниси А.Б 5 жылдан бери унаа ташуу менен алектенип, 4 майыптыгы бар жарандан турган үй-бүлөсүн багып келген.

Аталган рейсти аткаруу тууралуу 5-январда макулдашкан. Чек арадан өткөндө аны 5 адам тосуп алмак. А.Б. 11-январда унааларды Бакай-Ата конушундагы Кошой көчөсү, 1 дарегине токтотуп, унаанын ачкыч жана документтерин Арзымат аттуу жаранга тапшырган. А.Б. кийинки күнү унааларды калтырган жерге барып, 4 унаа жок экендигин көргөн. Ал 102 номуруна чалып, жерине барган милиция кызматкерлери аны жана ошол жерде болгон Азат, Рустам аттуу жарандарды Свердлов РИИБине суракка алып кеткен.

Элнура Бекеева инисинин айтымында берки эки шектүү унааларды жүктөгөнү келгенин айтышканына карабастан, УКМКнын мурдагы кызматкери, «Вазелин» келип, ыкчам кызматкер менен сүйлөшкөндөн кийин экөө бошотулганын айтты.

Жактоочу Нурлан Токталиевдин айтымында, учурда тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилбей, жоголгон унаалардын, ишке тиешеси бар тараптардын жүргөн жери аныкталбай жатат.

Камактагы жарандын атасы Эрнис Бекеевдин айтымында, 4-унаа Аксыдан табылып, кечээ Бишкекке жеткирилген. Аны Арзымат бересесинин ордуна бирөөгө ыйгарып койгону аныкталган. Учурда жеткирилген 5 унаа бар, ал эми калган 3 унаа кайда экени белгисиз. А.Б. жана Арзымат абакта. Алар КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү менен айыпталууда.

Чогулгандар ИИМдин жана мамлекет жетекчилигинен алардын ишин карап берүүнү өтүнүп, дайынсыз болуп жаткан унаалар укук коргоо органдарынын мурдагы же азыркы деле кызматкерлеринин карамагында болушу мүмкүн экенин айтып, А.Б. ак жеринен айыпталып жатканын айтты.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»